05.02.2020 10:00

Апрель Элдик революциясынын 10 жылдыгына карата видеороликтер боюнча сынак жарыяланды

Апрель Элдик революциясынын 10 жылдыгына карата видеороликтер боюнча сынак жарыяланды

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 7 — Апрель Элдик революция күнүнүн 10 жылдыгына карата видеороликтер боюнча сынак жарыялайт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Министрлик 7-апрель — кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң маанилүү күндөрдүн бири экенин белгилеп, бул күрөштө курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо максатын көздөрүн белгилейт.

Сынаккка Кыргызстандын жарандары жана резиденттери катыша алат.

60 секунддан ашпаган кыска жана 3 минутка чейинки узун роликти тартып, 15-мартка чейин жөнөтүү керек.

«Сынактын катышуучулары. жиберилген видеороликтерге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат. Роликтин мазмуну конкурстун темасына ылайык келиши керек. Жөнөкөй, максаттуу, аудитория үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү тил менен баяндалышы зарыл. Идеянын креативдүүлүгү жана оригиналдуулугу: теманы берүү формасынын деңгээлинде, ошондой эле анын мазмунунун деңгээлинде аны чагылдырууга стандарттуу эмес мамиле кубатталат», — дейт министрлик.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө төмөндөгүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылат:

  • 1 — орун (эки сыйлык), ар бири — 70 000 сом.
  • 2 — орун (эки сыйлык), ар бири — 60 000 сом.
  • 3 — орун (эки сыйлык), ар бири — 50 000 сом.

Сынакка материалдар: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинде кабыл алынат. Байланыш телефону: 663915, 0550 739550, электрондук дарек: depinfokg@mail.ru